• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте май айында кыргыз-герман бизнес форуму өтөт

Коом 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын экономикасынын Чыгыш комитетинин Аткаруучу директору Михаэль Хармс менен жолукту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Германиянын экономикасынын Чыгыш комитети Германиянын 350дөн ашык орто жана ири компанияларын камтыйт жана 29 мамлекетте, анын ичинде КМШ жана Борбор Азия мамлекеттери менен иш алып барат.

Жолугушуу учурунда кыргыз-герман кызматташтыгынын бүгүнкү абалы жана келечеги тууралуу сөз болду. Тараптар дүйнөдөгү саясий жана экономикалык абал жөнүндө, анын ичинде Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжалдын кесепеттери тууралуу ой-пикир алмашышты.

Элчи Текебаев азыркы тапта эки мамлекет ортосунда соода-экономикалык кызматташтык потенциалы толугу менен колдонулбай келерин жана дарамети чоң экенин баса белгиледи. Германия экономикасынын өкүлүнө Кыргызстанда өз ара пайдалуу долбоорлор тууралуу айтып, аларды чогуу ишке ашырууга чакырды.

Андан тышкары, Кыргызстан менен Германиянын ишкерлеринин түздөн-түз байланышын арттыруу максатында 2022-жылдын май айында Бишкекте өтө турган кыргыз-герман бизнес форуму жана кыргыз-герман Ишкерлер кеңешин түзүү маселеси талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий