• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жайында Кыргызстанда түйүндөн тышкаркы чалуулар 50 тыйынга арзандайт

Коом 0

Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. Жай айында Кыргызстанда түйүндөн тышкаркы чалуулар 50 тыйынга арзандайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Айбек Мамыралиев билдирди.

Анын айтымында, агенттик атаандаштыкты коргоо багытында жакшы иштерди жасай алды. Маселен, 2018-жылдын аягында уюлдук байланыш операторлорунун ортосундагы чалуу баасын арзандатуу чечими кабыл алынган.

"Эгер, мурда бир уюлдук байланыштын абоненти башкасына чалганда түйүндөн тышкаркы чалуу мүнөтүнө 4 сомдон кымбат болгон. Биринчи январдан тарта ал 3 сом болду. Июнь айында ал 2,5 сом болуп, 50 тыйынга арзандайт. 2020-жылдын 1-январынан тарта түйүндөн тышкары чалуунун баасы 2 сом болот", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий