• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Манас жана Айтматов академиясы түзүлөт

Коом 0

Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. Кыргызстанда Манас жана Айтматов академиясы түзүлөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйында билдирди.

Анын айтымында, академия Бишкектин борбору, Раззаков көчөсүндө китепкана деп салынган жаӊы имараттын базасында түзүлөт.

"Бишкек шаарында Айтматов атындагы проспект бар. Манас проспекти тоону көздөй өйдө кетип, Айтматов проспекти болуп уланып кеткени — өзүнчө бир символикалуу. Биринчиден, Чыңгыз Төрөкулович улуттук маданияттын туу чокусу болгон «Манас» эпосунун изилденишине, аны басып чыгарууга зор эмгек кылган. "Манас" эпосун дүйнөгө таанытууга өзгөчө салым кошкон. «Кыргыз элинин рух чокусу — „Манас“ эпосу" деген бийик баа да Чыңгыз Төрөкуловичке таандык.Манас маданиятыбыздын туу чокусу болсо, Айтматов рухубуздун туу чокусу. Буга байланыштуу урматтуу аксакалыбыз Бексултан Жакиев жакында эле жакшы ойду айтты. "Бул жолдордун уланганы туура. Манас менен Айтматовдун „киндиктери туташ“ деди. Экинчиден, Айтматов проспекти Айтматовдун өзү жашаган үйүнө барып такалат. Азыр баарыбыз барып жаткан Айтматовдун үй-музейине жетет", - деп айтты мамлекет башчысы.

Ал проспект андан ары Айтматов коюлган, биздин атактуу ата-бабаларыбыз жана Апрель баатырлары жаткан Ата бейитке уланат. Үчүнчүдөн, проспектинин жогору жагында келечекте Айтматов маданий борбору курулат, - деди.

"Эми, урматтуу мекендештерим, Бишкектин борборунда, Раззаков көчөсүндө китепкана деп салынган жаӊы имараттын базасында „Манас жана Айтматов академиясын“ түзүү чечимин кабыл алдык", - деп баса белгиледи Жээнбеков.

Ошондой эле мамлекет башчысы Айтматовдун руханий байлыгын аяр сактап, үй-музейин уюштуруп, 90 жылдык мааракесин өткөрүүгө чын дилден жардам көрсөткөн жазуучунун жакындарына тереӊ ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий