• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Керектүү шаймандар жана сыйлыктар берилет. "Тазалык" ыктыярчыларды чогултууда

Коом 0


Бишкек, 04.07.23./Кабар/. “Тазалык” муниципалдык ишканасы ыктыярчыларды чогултууда. Бул тууралуу ишкананын директору Рамиз Алиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, шаардын тазалыгына кайдыгер карабаган тургундардын сунушу эске алынып, атайын жаңы программа ачылды — Ыктыярчылык.

"Ар бир район боюнча өзүнчө топторду түзөбүз. Алар "Тазалыктын" техникалык картасына кирбеген жерлерди тазалайт. Биз бардык керектүү болгон шаймандарды, керек болсо кээде сыйлыктарды да бергенге даярбыз", - деди ишкананын башчысы Рамиз Алиев.

Эгерде ыктыярчы болууну кааласаңыз "Тазалык" ишканасынын инстаграмдагы баракчасына жеке кат аркылуу (direct) аты-жөнүңүздү жана байланыш номериңизди жөнөтүп коюу гана жетиштүү болот.

Пикир

Оставить комментарий