• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө бир нече күндөн бери дайынсыз болгон малчы аман-эсен табылды

Аймак 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жаткан малчы аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кичи-Өрүктү айылынын 46 жаштагы Б.К. аттуу тургуну 27-июнда Төлөн коктусуна мал кайтарганы кеткен бойдон дайынсыз болгон. Туугандары өз алдынча издөөдөн жыйынтык чыкпагандыктан, кечээ, 3-июлда куткаруучуларга жардам сурап кайрылышкан.

Издөө ишин жүргүзүүгө ӨКМден 5 куткаруучу, 4 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган.

Натыйжада аталган жаран Төлөн коктусунан аман-эсен табылып, туугандарына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий