• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда карантин режими дагы узартылышы мүмкүн

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү карантиндик чектөөлөрдүн мөөнөтүн дагы эки жумага узартууну «тапшырды». Бул тууралуу 29-июлда президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Акордонун маалыматына караганда, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын курчуп кетүү ыктымалдыгын эске алып, чектөө чараларынын жакшы натыйжаларын сактап калуу үчүн азырынча карантиндик чектөөлөр жумшартылбайт.

Күн мурун Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой 3-августтан тартып өлкөдө акырындык менен карантиндик чектөөлөрдү жумшарта баштаса болорун билдирген. Ал кийинки жумада соода жана кызмат көрсөтүү тармагындагы бир катар ишканалардын иштөөсүнө уруксат берүүнү сунуштаган.

Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин айтымында, өлкөдө 5-июлдан бери туруктуу түрдө күнүнө 1500-1600 кишиден коронавирус аныкталууда. Айыккандар, тез жардам кызматына кайрылгандар азайып, стационарлардагы орундар 47% бошоду.

Казакстандын бийлиги 5-июлда киргизилген эки жумалык карантиндин мөөнөтүн 2-августка чейин узарткан.

Акыркы суткада Казакстанда коронавирус жуктурган 1 544 жаңы учур катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча вирус жуктургандардын жалпы саны 86 192 кишиге жетти. Алардын ичинен 56 638 адам же илдетке чалдыккандардын 65% айыкты. Акыркы маалыматтар боюнча 793 бейтап каза болду.

Казакстанда COVID-19дан каза болгондордун статистикасына анализинен вирус табылып, бирок өлүмүнүн себеби катары башка оорулар көрсөтүлгөн миңдеген бейтап кошулган эмес.

Пикир

Оставить комментарий