• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Extranews: Кыргыз-өзбек мамилесинин жакшыруусун ким каалабайт?

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Extranews: Кыргызстан жана Өзбекстандын боордоштук мамилелери акыркы кездерде олуттуу түрдө жакшыра баштады. Өзгөрүүлөргө жетишүүдө тоскоол болгон чек ара жана Кыргызстандын аймагындагы өзбек анклавдарынын маселелери болуп келген. Акыркысы, белгилүү болгондой, советтик мезгилде Өзбек ССРи тарабынан чарбалык муктаждыкта аянттары менен ижарага алынып, Союз таркаган соң эл аралык нормаларга ылайык тиешелүү юридикалык документтери жок анклавдарга айланган. Ушундан улам, дайыма куралдуу жаңжалдарга чейин жеткен чатактар чыгып турат.

Акыркы мезгилде эки мамлекеттин өз ара мамилелери жетекчилик деңгээлинде кыйла жанданды. Мында ӨР жаңы президенти Шавкат Мирзиеевдин салымы зор.

Ш.Мирзиеев менен А.Атамбаевдин жигердүү байланыштары жана саясий эрки өз жемиштерин берип жатат. “Чек ара тоңу” биринчи жолу жибиди. Жада калса, тараптар жакын арада талаштуу тилкелер боюнча көптөн бери күтүлгөн макулдашуу Келишимине кол коюуга даяр, 1 миң чакырым макулдашылды. Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловдун айтымында, бүгүнкү күндө 300 км макулдашуу калды. Ал эми кыргыз өкмөтүнүн башчысы Сооронобай Жээнбековдун айтымында, 76,5% чек ара чийини боюнча демаркациялоо иштери жүрүп жатат.

Мындай прогрессти биринчиден, эки президенттин аймактык деңгээлде жигердүү аракеттер менен бекемделген саясий эрктери шарттады. Ошентип, тоскоолдук алынды. Боордош өлкөлөрдүн элдери баштагы чек ара болбогон мезгилди эске алып, мамилелерин бекемдөөгө багыт алышты.

Бул өз кезегинде Кыргызстандын түштүнгүндөгү кыргыз жана өзбектердин арасындагы анча жагымдуу эмес мамилеге жаңыча түс берет. Адамдар бул берекелүү жерде бирге жашап, балдарын чоңойто тургандыктарын аңдап, чыдамкай, бири-бирине боорукер болушууда.

Тилекке каршы, эки боордош элдин мамилелеринин жакшырышын баары эле жактырган жок. Акыркы күндөрү, 2010-жылдагы Кыргызстандын түштүгүндөгү каргашалуу окуялардын жылдыгын утурлай, кайрадан курч сезимдүү жандар пайда болду. Кеп “Фергана” эл аралык маалымат агенттигинин түштүгүбүздөгү кыргыз жана өзбек мамилелерине карата экстремисттик кооптуу терминологияны колдонууга өткөн чуулгандуу материалы тууралуу болуп жатат. Белгилүү мазмундагы жана калыптагы соцтармактардагы комментарийлер качантан бери улуттар аралык мамилелерди мүнөздөөгө жана баалоого негиз болуп калган деген суроо туулат?

Мындай анык саясатташкан жана белгилүү журналисттердин контрпродуктивдүү шоусуна катышуу таң калтырып, ойлонтот. Алсак, эмгек менен түзүлгөн Кыргызстандагы ар кандай улуттардын жарандарынын ортосундагы жылуу мамилелерди бузуучуларга жана ачык чагымчыларга жол ачкан мен сыйлаган Улугбек Бабакулов.

Мындай материалдардын ачык чагымчылдыгына, стилине карап, аргасыздан, Кыргызстандагы абалга тышкы таасирлердин бардыгы тууралуу ой келет. Белгилүү болгондой, президент Трамп мурдагы советтик өлкөлөрүндө, анын ичинде Кавказ жана Борбор Азияда демократияны өнүктүрүүгө жардам көрсөтүүнү олуттуу түрдө кыскартуу чечимин билдирди. Кыргызстанга мындай жардамдын жарымынан көбү кыскарды. Ушундай эле көрүнүш россиялык жана башка мурдагы советтик өлкөлөрдөгү “бешинчи колонналарда” орун алды. Албетте, мындай жагдайда алардын арасында катуу жөнгө салынган жана рационалдаштырылган каржыны алууга атаандаштык күчөйт.

Россияда жана мурдагы советтик өлкөлөрдө, таң калыштуу ыкчамдыкта биригип жаткан маалыматтык жана жарандык “бандиттик көмүскө коом” ушундан улам олуттуу түрдө активдешип бара жатабы деген ой келет.

Садырбек Чериков, эркин журналист, публицист.

Булагы Extranews

Пикир

Оставить комментарий