• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Терезелерин талкалап, үй ээсине карата күч колдонгон. Токмокто үй тоноого шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Токмокто үй тоноого шектелип 27 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 9-февралында түнкү саат 01:00 чамасында 80 жаштан ашкан Токмок шаарынын улгайган тургунуна каракчылык фактысы жасалган. Алдын ала маалыматтар боюнча, беткапчан кол салган адам үйдүн тосмосуна кирип, терезелерин талкалап салган. Андай кийин үйгө кирип үйдүн К.Э. аттуу кожойкесинин колун байлап, ага күч колдонуп, үйдөн кетер алдында кожейкенин алтын жана күмүш зер буюмдарды (сөйкөлөр, чынжыр ж.б.), уюлдук телефонду, үй буюмдарын жана тамак-ашты уурдап кеткен.

Аталган факт Токмок шаардык ИИБнин КЖБР катталып КР Кылмыш-жаза кодексинин 202(каракчылык) беренесинин негизинде, сотко чейинки тергөө иши баштаган. Тергөө кызматы тарабынан керектүү экспертизалар дайындалды.

Бул кылмыштын бетин ачууга багытталган тергөө-оперативдик иш-чараларды жүргүзүү учурунда, Чүй облусунун ИИББнын жана Токмок шаарынын Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан кол салган адам аныкталып, изи сууй электе кармалган, ал 27 жаштагы Токмок шаарынын А.А. аттуу тургуну болуп чыккан.

Кармалган адам райондук милиция бөлүмүнө жеткирилип, тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.

Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий