• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Балдар ооруканасындагы чыр: Чырдашкан аял дагы дарыгердин үстүнөн арыз жазды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.01.20. /Кабар/. 21-январда №3 балдар ооруканасында дарыгер менен чырдашкан аял дагы милицияга арыз менен кайрылды.

“Кабар” агенттигине Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 22-январда милицияга арыз менен Т.К. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында 3-балдар ооруканасынын дарыгерине карата чара көрүүнү суранып, ал жашы жете элек баласы менен ооруканага кайрылган учурда дарыгер кызматтык милдеттин жакшы аткарбай, өзүн агрессивдүү алып жүрүп жана кол көтөргөндүгүн билдирген.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, медициналык экспертиза дайындалды.

Эскерте кетсек, 21-январда №3 балдар ооруканасында дарыгер менен бир эненин ортосунда чыр чыккан. Келген аял дарыгерди сөгүп, кол көтөрүүгө аракет жасаган. Дарыгер милицияга арыз жазган. Айрым маалыматтар боюнча, дарыгер азыркы убакта бойдон түшүү коркунучу менен ооруканага жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий