• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Кара-Сууда сел жүрүп, турак үйлөрдү каптады

Аймак 0

Бишкек, 09.05.21. /Кабар/. Кара-Сууда сел жүрүп, турак үйлөрдү каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-май күнү Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады жана Катта-Талдык айыл аймактарында каттуу жааган жандын кесепетинен Баш-Булак айылында сел жүрүп, болжол менен 20 турак үйдүн, 1 мектептин, 1 бала бакчанын короолорун жана 6 турак үйдүн ичин каптаган. Ошондой эле Кыргызчек айылында дагы сел жүрүп, турак үйлөрдү каптаган.

Жерине ӨКМден ыкчам топ жана 13 куткаруучу тартылып, бүгүн, 9-майда аба ырайы турукташканга байланыштуу тактоо жана тазалоо иш-чаралары башталды.

Пикир

Оставить комментарий