• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына карата митинг-реквием өттү

Президент 0

Бишкек, 09.05.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты.

Мамлекет башчысы Түбөлүк отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөт аза күтүү менен эскерип, таазим кылды.

Митинг-реквиемге Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова, экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков катышты.

Бир мүнөттүк аза күтүүдөн кийин борбор калаанын Жеңиш аянтында залп атылып, Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.

Пикир

Оставить комментарий