• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Комендант Аалиев Нарын районундагы жана шаар ичиндеги санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерди

Аймак 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев Нарын районундагы блокпосттордун жана шаар ичиндеги фильтрациялык посттордун ишин текшерди.

Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендатурасынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анда аталган жайда кызматта тургандарга түзүлгөн шарттар жана көйгөйлөр айтылды. Аталган посттордо 10дон ашык тиешелүү кызматкерлер күнү-түнү автоунаалардын кыймылын жөнгө салып жана жөө жүргүнчүлөрдүн саламаттыгы үчүн тынымсыз негизде иш алып барышууда.

"Аталган посттордон райондорго, айылдан шаарга, ооруган тургундар, кош бойлуу айымдар тоскоолдуксуз өткөрүлүүдө. Ошондой эле карапайым калктын муктаждыгы үчүн гуманитардык жардамдар, күйүүчү май, азык-түлүк, дары-дармектер өз убагында айылдарга жетүүдө", - деп кабарлашты комендатурадан.

Мындан сырткары, шаар ичинде уюштурулган жашылча жер-жемиш сатуучу көчмө жайлар жана дарыканалар текшерилген. Маалыматта айтылгандай, сатылып жаткан жер-жемиштердин баасы көтөрүлгөн жок, туруктуу бойдон сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий