• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ: Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган үйлөрдү, имараттарды кароо аяктады

Аймак 0

Бишкек, 09.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын 9-майына карата Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

"Тергөө, иликтөө топтору кыргыз-тажик тилкесиндеги жаңжалда Баткен облусунун айылдарындагы чыр-чатакта жабыркаган үйлөрдү, имараттарды, мүлктөрдү жана буюм-тайымдарды кароону аяктады, бирок келтирилген чыгымдардын, жабыркаган буюм-тайымдардын так санын жана суммасын тактоодо кыйынчылыктар жаралууда. Аны толук тактоо иш -чаралары үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө",- деди министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков

Андан сырткары, милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүүдө. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик чек тилкесинде абал туруктуу. Бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок.

Ыкчам кырдаалга жараша милициянын жана ички аскерлердин айрым бир бөлүктөрү туруктуу жайгашкан ордуларына кайтарылууда. Баткен облусундагы ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы, кайгуул күзөт кызматы, ИИМдин атайын операциялар отрядынын жоокерлери жана жол кыймылынын коопсуздугун сактоо бөлүмүнүн кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартипти сактоо, күндүзгү жана түнкү кайгуулдарды уюштуруу, жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча өз ишмердүүлүгүн улантууда.

Пикир

Оставить комментарий