• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Оштогу өзбек улуттук маданий борборунан Баткенге 20 тонна жардам жөнөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-сентябрда Баткенге өзбек улуттук маданий борборунан гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, негизги тамак-аш продукциялары жана кийим-кече болуп жалпысынан 20 тоннага жакын гуманитардык жардам жөнөтүлдү.

Эске салсак, кечээ аталган борбордун өкүлдөрү кайрылуу жасаган. “Кыргызстандын өзбек улуттук маданий борбору элдердин ортосундагы тынчтыкты, биримдикти, достукту жана ынтымакты жактайт. Биринчи кезекте кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан окуялар учурунда туугандары жана жакындары каза болгон үй-бүлөлөргө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Кыргызстан ар дайым өз ара сый-урмат, кайрымдуулук, тынчтык жана достук принциптерин карманат.

Биздин өлкө достукта жана ынтымакта ар кандай улуттардын жана этностордун жүзгө жакын өкүлү жашаган мамлекет. Ошондуктан биз Тажикстандын мурда жетишилген макулдашууларды бузуп Кыргызстандын аймагына киргени тууралуу кабарды тынчсыздануу менен кабыл алдык. Өлкөдөгү тынчтыкты, биримдикти бузууга эч кимге эч качан жол берилген эмес жана берилбейт. Биз биргеликте мекенибизди коргоо үчүн дайыма даярбыз!”, - деп айтылат кайрылууда.

Пикир

Оставить комментарий