• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүнө жаңы асфальт төшөлөт

Аймак 0

Бишкек, 08.06.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын негизги көчөлөрүнү бири Ленин көчөсүнө жаңы асфальт төшөлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда көчөнүн эки тарабына темир-бетон арык куурлары жаткырылууда.

Алдыда эки четине тротуар курулуп, аталган көчөгө толугу менен жаңыдан асфальт төшөлөт. Көчөнүн узундугу 3,5 чакырымды түзөт.

Мындан сырткары, жолду көрктөндүрүү, жашылдандыруу иши жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында быйыл 13 чакырым тротуарга жана 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган.

Пикир

Оставить комментарий