• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси өттү

Аймак 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Бүгүн, 22-ноябрда С.Ибраимов атындагы Улуттук драма театрында бош жумуш орундардын жарманкеси болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда мамлекеттик жана жеке менчик ишканалар жарандарга 3 миң вакансия сунушташты.

Жарманке Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, JIA бизнес ассоциациясы, Ош шаарынын мэриясы, Германия Өкмөтүнүн Эл аралык кызматташтык уюму тарабынан уюштурулуп, ага өнөр жай, курулуш, транспорт, соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка чөйрөлөрдөн 40тан ашык компания катышты.

Ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, Эмгек министрлигинин алдындагы эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматынын, GIZ Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун, ЖИА бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, иш-чара кесипкөй адистерге, жумуш издөөчүлөргө жумушсуздук менен күрөшүүдө чоң пайдасын көрсөтүп, жакшы мүмкүнчүлүк берээрин белгилешти.

Иш-чаранын алкагында, ишкерлер тарабынан мастер-класстар өткөрүлүп, жарандарга ишке орношуу, кесиптик даярдоо, иш берүүчү менен алгачкы маектешүү боюнча кеңештер берилди.

Жарманке окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү, жумушсуз жарандарды жана жаштарды эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана иш менен камсыз кылуу максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий