• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чет өлкөлүк валютаны алмаштырууда эмнелерге көңүл буруу керек? Улуттук банктын кеп-кеңеши

Экономика 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы чет өлкөлүк валютаны алмаштырууда эмнлергее көңүл буруу керектиги тууралуу маалымат берди.

КР Улуттук банкынын лицензиясы жок жактардан чет өлкө валютасын алмаштыруу эмнеси менен кооптуу?

«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамга ылайык, накталай чет өлкө валютасын алмаштыруу боюнча иш лицензиялануучу иш болуп саналат. Кызмат көрсөтүүнүн мындай түрүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары – Улуттук банк) лицензиясына ээ юридикалык жактар гана көрсөтө алышат, атап айтканда коммерциялык банктар, микрофинансылык компаниялар, микрокредиттик компаниялар, кредиттик союздар жана алмашуу бюролору. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, Улуттук банктан лицензия алган алмашуу бюролору алмашуу бюролорунун ишин жөнгө салуучу жана алмашуу операцияларын жүргүзүүдө ачыктыкты камсыз кылууга багытталган ченемдик укуктук актылардын бир катар талаптарын аткарышат.

Накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна Улуттук банктын лицензиясы жок иш алып баруу мыйзамсыз болуп саналат.

Улуттук банктын лицензиясы жок иш жүргүзгөн жактар ачык-айкындуулукту камсыз кылуу боюнча талаптарды аткарышпайт, валюта алмаштыруу фактысын тастыктаган чектерди же башка кассалык документтерди беришпейт. Мында жогоруда аталган жактардан накталай чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жарандар алданып калышы мүмкүн, ал эми талаш-тартыш болгон учурда алмаштыруу операцияларын тастыктаган далили жок болот.

Лицензиясыз валюта алмаштыруу үчүн кандай жаза каралган?

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 299-беренеси лицензиясы (күбөлүгү) жок банк операцияларын, анын ичинде чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн жоопкерчилик каралган. Берененин талаптарын бузуу жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч (17 500 сом), юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч (55 000 сом) өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинде мыйзамсыз ишкердик же банктык иш жүргүзгөндүгү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган.

2023-жылы тиешелүү лицензиясы жок чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндөргө карата кандай таасир этүү чаралары колдонулган?

Улуттук банк мындай жактарды аныктоо боюнча туруктуу иш жүргүзүп келет. Лицензиясы жок иш жүргүзгөн жактар аныкталган учурда укук бузгандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айып салуу түрүндө жоопкерчиликке тартылат.

2023-жылдын башынан тартып (2023-жылдын 31-октябрына карата) Улуттук банктын тиешелүү лицензиясыз чет өлкө валюталарын алмаштырууну жүзөгө ашырган жактарга текшерүүлөр жүргүзүлгөн, алардын жыйынтыгы боюнча 98 жеке адамга 17,5 миң сомдон (жалпы сумма 1 715,0 миң сомду түзөт) айыптар салынды.

Улуттук банк, тиешелүү лицензиясыз иш жүргүзгөн, анын ичинде атайын жабдылган пункттардан (орундардан) тышкары жүргүзүлгөн операцияларды көрүп калган учурда Улуттук банкка 31-30-08 телефону аркылуу маалымдап коюуну же mail@nbkr.kg электрондук дарегине билдирүү жөнөтүүнү суранат. Улуттук банк сөзсүз мындай маалыматты эске алат жана карап чыгат.

Чет өлкө валютасын алмаштырууда талаш маселелер жаралган учурда кайда кайрылуу керек?

Эгерде сиз лицензиясыз иш алып барган жактар тарабынан алдамчылыктын курмандыгы болсоңуз, укук коргоо органдарына жана Улуттук банкка арыз менен кайрылууңуз зарыл.

Эгерде сизде валюта алмаштыруу фактысын тастыктаган документтер бар болсо, катка документтердин көчүрмөсүн тиркөө керек. Сиздин кайрылууңузду натыйжалуу кароо үчүн сиз окуянын бардык чоо-жайын, сөзсүз түрдө алмаштыруу жайынын сүрөтүн/дарегин, окуя болгон убактысын жана датасын көрсөтүү менен толук баяндап беришиңиз керек (мүмкүн болсо фото-сүрөтү менен).

Чет өлкө валютасын алмаштырууда кандай коопсуздук талаптарын сактоо зарыл?

Накталай чет өлкө валютасын алмаштырууда кыйла сак болуу жана төмөнкүлөргө көңүл буруу керек:

1. Алмашуу бюролоруна барганда лицензиянын болушуна көңүл буруу керек. Лицензия жарандарга көрүнүктүү жерге илиниши керек. Лицензиясы жок болгон учурда, бул жердин алмашуу курсу эң жогору болсо дагы акча алмаштыруудан сак болуу керек. Ошондой эле, алмашуу операцияларын жүргүзүүдө бул алмашуу бюросу жайгашкан жайда кызматкерлер тууралуу маалымат илингендигин текшерүү зарыл, бул Улуттук банктын талабы.

2. Коопсуздук шарттарын сактоо үчүн байкоо камералары менен жабдылган алмашуу бюролорунда акча алмаштыруу сунушталат. Бул талаш маселелер келип чыккан учурда, жазылган видеоматериалдардын жардамы менен далилдөөгө шарт түзөт.

3. Валюталарды алмаштырууда накталай акча каражаттарын саноо кардардын көз алдында жүргүзүлүшүнө байкоо жүргүзүү зарыл. Берилүүчү накталай валютанын аныктыгын билүү үчүн алмашуу бюросунун кызматкерлеринен анын аныктыгын детектордо текшерип берүүсүн талап кылуу керек. Акчаны алган соң кассадан кетпестен, аны бирден барактап бир нече жолу эсептеп алуу шарт. Туура эмес эсептелгендиги аныкталган учурда берилген сумманы толугу менен кассирге кайрадан санап чыгууга берүү зарыл.

4. Алмашуу операциясы жүргүзүлгөндүгү жөнүндө чек талап кылуу зарыл, бул кардардын мыйзамдуу укугу болуп эсептелет.

«Телеграм-каналдары аркылуу алмашуу операцияларын жүргүзүү эмнеси менен кооптуу?

Бүгүнкү күндө жеке адамдар накталай чет өлкө валютасын алмаштыруу боюнча кулактандырууларды жарыялаган телеграм-каналдары бар. Бул адамдар аркылуу накталай чет өлкө валютасын алмаштырган жарандар алданып калышы толук ыктымал, ортодо кандайдыр бир талаш-тартыш маселе жаралса, аны далилдөө мүмкүн эмес.

Мындан тышкары, телеграм-каналдарынын катышуучуларында кылмыштын элементтери болушу мүмкүн, ушуга байланыштуу атайын каражаттар менен жабдылбаган пункттарда жеке жактар менен алмашуу операцияларын жүргүзүү өтө кооптуу болушу мүмкүн, анын ичинде мындай жагдайлар жарандардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жаратышы, ошондой эле тоноо жана/же алдап кетүү сыяктуу терс көрүнүштөргө алып келиши мүмкүн.

Алдап кетүү, жасалма банкнотторду берип коюу фактылары көбөйүп кеткендигин да белгилеп кетүү керек, ушуга байланыштуу Улуттук банк жарандарды алмашуу операцияларын Улуттук банктан лицензия алган жабдылган атайын уюмдарда гана жүргүзүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий