• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто 100 орундуу бала бакча ачылды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 01.09.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жана Ош шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Ош шаарынын “Амир-Темир” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы “Бөбөк” балдар бакчасын ачты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда министрлер кабинетинин төрагасы Бишкек менен Ош шаарында бала бакча жана мектепке болгон муктаждык абдан чоң экенин, бул үчүн өлкө Президенти маселени чечүү боюнча катуу тапшырмаларды коюп жатканын билдирди.

“Быйылкы жылы Ош шаарында 3 мектеп, 4 бала бакчанын курулушу жүрдү. 1-сентябрга карата 2 мектеп, 3 бала бакчаны ачып жатабыз. Ноорузда дагы 1 бала бакча берилген. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, элибиздин саны 7 млндон ашты. Балдардын саны 2,5 млндон ашты. Бул биздин эки жарым миллион баа жеткис байлыгыбыз – келечегибиз”, - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын “Амир-Темир” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы жаңы курулган “Бөбөк” балдар бакчасы 100 орундан турат. Заманбап бардык шарты менен 2 кабаттан турган бала бакча 48 млн сомго курулган. Бул муниципалдык аймактык башкармалыкта 56 миң жаран жашайт.

Пикир

Оставить комментарий