• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан Грузия менен достук мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет

Өкмөт 0

Бишкек, 24.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 23-январда, Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу алкагында Грузиянын Премьер-министри Георгий Квирикашвили менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Маалымдалгандай, өкмөт башчы Кыргызстан Грузия менен достук мамилелерин мындан ары карай өнүктүрүүгө өзгөчө маани бере тургандыгын белгиледи.

Мындан тышкары соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү максатында Сапар Исаков жакынкы арада Бишкек шаарында кыргыз-грузин өкмөттөр аралык комиссиясынын экинчи кеңешмесин өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Грузиянын Премьер-министри эки өлкөнүн соода-экономикалык жүгүртүүнү, маданият аралык байланышты кеңейтүүдө чоң мүмкүндүктөрү бардыгын, ошондой эле КР Өкмөтүнүн реформа өткөрүү, анын ичинде санариптик трансформация жүргүзүү жаатындагы күч-аракетин белгиледи.

Өкмөт башчы азыркы тапта өлкөдө 2040-жылга чейинки Өнүгүү стратегиясынын үстүндө иштер жүрүп жатканын белгиледи.

«Жогоруда белгиленген стратегиянын негизги компоненти санариптик мамлекетти түзүү боюнча жогорку технологиялык долбоорду – «Таза коом» улуттук программасын ишке ашыруу болуп саналат. Биз аталган программаны ишке ашыруудан жагымдуу натыйжаларды күтүп жатабыз», - деди Сапар Исаков.

Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу мамлекеттик башкаруу системасындагы айкындыктын жогорулашына алып келип, коррупцияга каршы курөшүүдө жана анын алдын алууда салмактуу инструмент болуп калат.

«Биз Грузиядагы реформалардын жыйынтыктарын билебиз, Сиздер топтогон тажрыйба биз үчүн абдан маанилүү. Биз сиздердин өлкө менен өз ара пайдалуу кызматташуунун олуттуу келечектерин көрүп жатабыз. Кыргызстан үчүн мамлекеттик башкаруу, калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жана башка тармактар боюнча Грузиянын реформаларды ишке ашыруудагы тажрыйбасы пайдалуу болот. Буга байланыштуу тажрыйба алмашууга кызыкдар экендигибизди билдиребиз», - деп белгиледи Сапар Исаков.

Өкмөт башчы Грузия тарапты «Ачык өкмөт өнөктөштүгүнүн» (OGP) төрагалыгын ийгиликтүү кабыл алуусу менен куттуктап жана Грузия өзүнүн тажрыйбасына таянып ачык-айкындык жана күчтүү демократия үчүн күрөшкөн глобалдык кыймылдын ишмердүүлүгүнө маанилүү салым кошооруна ишеним билдирди.

Премьер-министр Кыргызстан Борбордук Азиядагы «Ачык өкмөт» эл аралык өнөктөштүк программасына кошулган алгачкы өлкө болгондугун баса белгилеп кетти.

«Кыргыз Республикасы «Ачык өкмөт» Өнөктөштүгү алкагында үч багытта: жеткиликтүү мамлекеттик кызматтар, таза мамлекеттик сатып алуулар жана ачык маалыматтар жаатында иш алып барат. Биз Сиздердин өлкө мамлекеттик башкаруудагы ачыктыкты жана айкындыкты чыңдоо жаатында жакшы жыйынтыктарга жетишкендигин билебиз. Бул багытта кызматташууга кубанычтамын», - деп белгиледи Премьер-министр.

Буга катар эки өлкөнүн маданият аралык катнашын жөнгө салуу максатында Сапар Исаков Георгий Квирикашвилини жана Грузиянын спорттук делегациясын 2018-жылдын сентябрь айында өтүүчү Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий