• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Бишкектеги А. Каниметов атындагы №1 интернат-гимназияга барды

Президент 0


Бишкек, 01.09.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Билим күнүндө Бишкек шаарындагы А.Каниметов атындагы №1 интернат-гимназияга барды.

А.Каниметов атындагы №1 интернат-гимназия 1956-жылы негизделген.

Мекеме негизделгенден бери интернаттын имаратында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Өткөн жылы Мамлекет башчысынын демилгеси менен интернатта капиталдык реконструкциялоо башталган.

Президент Садыр Жапаров өзү бул интернат-гимназияда 9-10-класста окуган.

Окуу жайда ал окуу имараттарынын оңдоо иштеринен кийинки абалы жана окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышып, эмгек жамааты менен да баарлашты.

Садыр Жапаров интернатта өткөргөн күндөрү, алган билими анын бойго жеткен жашоосунда жана пайда болгон кыйынчылыктарды жеңүүдө кандай жардам бергени тууралуу айтып берди.

Эмгек жамааты менен баарлашууда мамлекет башчысы мектеп мугалимдерин эскерип, жолугушууга катышып жаткан тарбиячысы Шайыр Бегалиевага кесипкөйлүгү жана эмгекти сүйгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

“Жарандардын билими мамлекеттин өнүгүшүнүн эң маанилүү пайдубалы жана бул пайдубал мектепте түптөлөт. Көп нерсе мугалимден көз каранды, балдарга берилген билим адам катары калыптанышына жардам берип, келечекке жол ачат. Билимдүү жаштар ар дайым ийгиликтерге жетип, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошот. Өз кезегинде мамлекет ар бир жаран татыктуу билимге ээ болушу үчүн билим берүү тармагында реформаларды жүргүзүп жатат”, - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Учурдан пайдаланып, Садыр Жапаров тарбиячысы Шайыр Бегалиевага келечек муундун билим алуусу жана өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, акчалай сертификат тапшырды.

Ал ошондой эле эмгек жамаатка, жакынкы келечекте өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсү, атап айтканда, келечекте бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысын дагы жогорулатуу боюнча пландары менен бөлүштү.

Соңунда президент Садыр Жапаров мектеп ар дайым билимдин жарыгын таратуусу үчүн А.Каниметов атындагы №1 интернат-гимназиянын мугалимдерине чыдамкайлык жана сабырдуулук каалады.

Пикир

Оставить комментарий