• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аламүдүн районунун Пригородное айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Билим 0

Бишкек, 01.09.23. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Аламүдүн районунун Пригородное айылында жалпы билим берүүчү мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Ведомстводон билдиришкендей, министр президенттин, министрлер кабинетинин, Экономика жана коммерция министрлигинин атынан жана жеке өзүнүн атынан мугалимдерди, ата-энелерди, конокторду жана окуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

Ал мүмкүнчүлүктөн пайдаланып мектептин курулушун каржылаган Сауд Аравиясынын өнүктүрүү фондуна (СӨФ) билим берүү системасын, саламаттыкты сактоо, туризмди өркүндөтүүгө кошкон олуттуу салымы, атап айтканда, Кыргызстанда билим берүүнүн деңгээлин жогорулатууда эффективдүү жана кепилденген билим берүү чөйрөсүн даярдай турган мамлекеттик мектептерди куруудагы салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий