• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Венгриядагы ЖОЖдорго алдын ала конкурстук тандоо өттү. Тестирлөөнүн жыйынтыктары

Билим 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Кечээ, 17-февралда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында Венгриянын ЖОЖдоруна техникалык жана медициналык тармактар боюнча бакалавриат программаларына тапшырып жаткан талапкерлер үчүн компьютердик тестирлөө өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Талапкерлер үчүн багыттар алар “биринчи тандоо” ("first choice") катары көрсөткөн адистиктерге ылайык аныкталды. Катталгандан кийин, талапкерлер автоматтык түрдө түзүлгөн логин жана сыр сөздөрү бар уникалдуу шифрлерди алышкан. Шифрлер тесттен өтүү үчүн колдонулду.

Талапкерлер тесттин жыйынтыгын компьютерден тест бүткөн соң дароо көрүп жатышты.

Төмөндө техникалык жана медициналык багыттагы бакалаврдык программаларга талапкерлерди тестирлөөнүн жыйынтыктары берилген (тизме тиркелди).

Тестирлөөгө уруксат берилген:

  • Техникалык багыттар боюнча 91 талапкер;
  • Медицина тармагында 2 талапкер.

Катышты:

  • Техникалык багыттар боюнча 86 талапкер;
  • Медицина тармагында 2 талапкер.

Келген эмес:

  • Техникалык багыттар боюнча 3 талапкер.

Ошондой эле техникалык багыттар боюнча 2 талапкер компьютердик тестирлөөдөн онлайн өтүү үчүн белгиленген тартипте арыз менен кайрылышты.

Жарыяланган жыйынтыктар акыркы жыйынтык эмес экендигине талапкерлердин көңүлүн бурабыз. Бардык программалар боюнча бакалавр даражасына талапкерлердин акыркы рейтингдик тизмеси табигый илимдер, коомдук-гуманитардык жана экономикалык багыттагы талапкерлер, ошондой эле тестирлөөнү онлайн форматта өтүү үчүн алдын ала арыз менен кайрылган чет өлкөлөрдөгү талапкерлер компьютердик тестирлөөдөн өткөндөн кийин түзүлөт.

Быйыл министрлик онлайн платформага документтерди тапшыруудан тартып сынактарга чейинки бардык процесстерди автоматташтыруу жолу менен адамдык факторду жоюп, ачыктыкты камсыздады. Буга кошумча, жылдагыдан айырмаланып, талапкерлер документтерин күнү-түнү тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Тиркеме: Тестирлөөнүн жыйынтыктары (Венгрия 2021, Бакалавриат, Медицина багыты).pdf
Тестирлөөнүн жыйынтыктары (Венгрия 2021, Бакалавриат, Техникалык багыт).pdf

Пикир

Оставить комментарий