• 88.68
  • 95
  • 0.95

Каракол шаарында жаңы мал базар ишке кирди

Аймак 0

Бишкек, 07.07.22. /Кабар/. Каракол шаарында жаңы мал базар ишке кирди, - деп билдирет президенттин Ысык-Кол облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык,президенттин облустагы өкүлү Алтынбек Сулайманов облус тургундары менен бирге базардын иши менен таанышып чыкты.

"Мал базарда бодо малдар үчүн жана майда жандыктар үчүн атайын үстү тосулган жайлар даярдалган. Мындан сырткары, базардын аймагында ветеринардык клиника, ветеринардык дарыкана дагы иштейт", - деп айтылат маалыматта.

Аянты 6 гектар жерди ээлеген мал базар алгачкы айларда элге акысыз кызмат көрсөтмөкчү.

Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-мартта жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө мал базарлардын шартын жакшыртуу тапшырмасын берген болчу.

Пикир

Оставить комментарий