• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош облусунан 5 айда 8 миң тонна товар экспорттолгон

Аймак 0

Ош, 7-июль /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош облусунан 5 айда чет өлкөгө экспорттолгон товардын көлөмү 8 миң 166 тоннаны түзгөн. Бул тууралуу Ош облусундагы аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Райимберди Монокбаев билдирди.

Анын маалыматына ылайык, Ош облусунун Россия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Тайвань жана Түркияга 1118 тонна пияз, 677 тонна жашылча, 61 тонна картошка, 262 тонна жер жемиш, 82 тонна алча, 5387 тонна пахта жана 579 тонна тамеки экспорттолгон.

2017-жылдын 5 ай аралыгында 9миң 858 тонна ун, макарон, сарымсак, пияз, күрүч, помидор, бадыраң, лимон, банан, ананас, мандарин импорттолгон. Ал эми өнөр жай тармагына керектелүүчү курулуш материалдарынан, желим, кийим, унаалардын тетиктери жана башка 9 миң 113 тонна материалдар импорттолгон.

Импорттолгон товарлар Россия, Казакстан, Кытай, Түркия, Иран, Өзбекстан, Түркмөнстан, Америка жана Тажикстан мамлекеттеринен келет.

Пикир

Оставить комментарий