• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Оштун мэри ишкерлерди тоскоолдуктарды ачык айтууга жана шаарды бирге өнүктүрүүгө чакырды

Аймак 0

Бишкек, 08.12.20. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов "Өнүккөн Ош-2020" аталышындагы жыйындын жүрүшүнө ишкерлерди тоскоолдуктарды ачык айтууга жана шаарды бирге өнүктүрүүгө чакырды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аталган жыйынга калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, укук коргоо органдарынан жана шаардагы ишкерлер катышты.

Шаар мэри ишкерлер өлкө экономикасынын кыймылдаткыч күчү жана локомотиви, алар тышкы рынокту барган сайын активдүү өздөштүрүп, өлкөгө жаңы технологиялар менен демилгелерди жаңылык катары киргизип жатышкандыгын белгиледи.

"Ишкерлердин жардамы менен шаарыбызда, өлкөбүздө жаңы жумуш орундары ачылып, жаңы өндүрүштөр пайда болууда. Мыкты заманбап имараттар жана үйлөр курулуп, кызмат көрсөтүү чөйрөсү өркүндөп, туризм жана соода өнүгүүдө. Мамлекеттин бюджети көбөйүп, социалдык милдеттенмелер аткарылууда. Ош шаарынын мэриясы бизнес жаатындагы жаңы демилгелер менен идеяларды кабыл алууга ар дайым даяр. Ар кандай маанилүү жолугушууларда ишкерлер менен үзгүлтүксүз диалогдор жүргүзүлүп турат.

Ишкердикти колдоо биздин негизги приоритеттүү багыттарыбыздын бири. Ал үчүн биз колдон келген иш аракеттерди жасап жатабыз.Товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн эркин кыймылы үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачкан Евразия рыногуна толук масштабда жетүү үчүн тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Ош шаарында ишкерлер менен биргеликте медицина, билим берүү, курулуш, шаарды жашылдандыруу- көрктөндүрүү тармагында бир нече бизнес-долбоорлор ишке ашты. Айрыкча баса белгилеп айта кетчү нерсе, шаарыбызда, өлкөбүздө коронавирустук пандемия учурунда ишкерлер медициналык мекемелерди дары-дармектер жана жабдыктар менен камсыздап, баа жеткис жардам көрсөтүштү. Ошондой эле, бүгүнкү күндө болуп жаткан бардык объективдүү кыйынчылыктарга карабастан, ишкерлер өз ишмердүүлүгүн талыкпай жүргүзүп, салыктарды төлөп келе жатышат.

Бул биздин ата мекендик ишкерлер - өз ишин уюштурууга жана ийгиликтүү өнүктүрүүгө, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүндө өз ордун таап, бекем ээлөөгө жетишкен калктын демилгелүү жана энергиялуу категориясы экендигинен кабар берет", деди мэр Сарыбашов.

Калаа башчысы ишкерлер менен ачык пикир алышып, тоскоолдуктарды ачык айтууга чакырды.

Шаардык мэриянын билдирүүсүнө караганда, иш-чарага 150гө жакын ишкер катышып, алар өз ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди.

Мындан тышкары, банк өкүлдөрү, Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын жетекчилери шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш-пландарын презентация кылышты .

Пикир

Оставить комментарий