• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткендеги чек аралаш аймактарда абал тынч. Ак-Сай – Ворух жолу ачык

Аймак 0

Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. Баткендеги чек аралаш аймактарда абал тынч, - деп кабарлайт өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Өкүлчүлүктөн Баткен облусунун чек аралаш аймактарындагы абал облус башчысынын жана күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө экендигин билдиришти.

Учурда Баткен районунун Тажикстан Республикасы менен чектешкен Ак-Сай айылында абал тынч, Ак-Сай – Ворух жолунда автоунаа каттамы жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, кечээ 16-декабрда кечки саат 20:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары Ак-Сай-Ворух жолун тосуп, аталган айылдан эки жылкы жоголгонун, жылкынын изи тажик айылы тарапка кеткендигин айтышып, малды табуу талабын коюшкан.

Бул окуя боюнча Баткен районунун акими Каланбек Маркаев Тажикстандын Исфара районунун акими жана чогулган эл менен жолугушкан.

Жолугушуудан соң чогулган эл тарап, тосулган жол ачылды. Уурулук боюнча маалымат түшөөрү менен КР жана ТР ички иштер кызматкерлери биргеликте издөө иштерин башташкан.

Пикир

Оставить комментарий