• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери укук коргоо органдары тарабынан 24,4 миң кылмыш иши козголду

Коом 0

Бишкек, 28.07.23. /Кабар/. 2023-жылдын башынан бери укук коргоо органдары тарабынан жалпы 24 миң 492 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарган коллегиясында белгилүү болду.

Ведомстводон билдиришкендей, анын ичинен 22 миң 988 кылмыш иштери ички иштер органдары тарабынан козголуп, жалпы кылмыштардын 93,8 пайызын түздү.

"Ички иштер органдары тарабынан быйылкы жылы козголуп, тергөө иштери жүргүзүлгөн кылмыштардын бетин ачуунун пайыздык көрсөткүчү 58,9 пайызды түздү”,- деди министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов.

Пикир

Оставить комментарий