• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйлөрдүн алдына балдар аянтчалары курулду

Аймак 0

Бишкек, 02.08.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан шаардагы көп кабаттуу 10 үйдүн алдына заманбап, ыңгайлуу шарттары менен балдар ойноочу аянтчалар курулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аянтчаларды курууга жергиликтүү бюджеттен 7 млн 297 миң сом акча каражаты жумшалды.

Белгилей кетсек, жергиликтүү бийлик тарабынан жыл сайын эскилиги жеткен жана буга чейин балдар ойноочу аянтчалары жок болуп келген бир катар көп кабаттуу үйлөргө балдар үчүн заманбап аянтчалар курулуп келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий