• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Казакстандан алып келинген Шабыркүл көмүрүнүн биринчи партиясы текшерилди

Коом 0

Бишкек. 02.08.23. /Кабар/. Бишкекте Казакстандан алып келинген Шабыркүл көмүрүнүн биринчи партиясы текшерилди. Мындай чара шаарды ыштан арылтууну алдун алуу максатында көрүлүп жаткандыгын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Күн мурун ЖЭБдин айланасында Казакстандан келген Д маркасындагы 12 миң 774 тонна Шабыркүл көмүрүнүн биринчи партиясын текшерүү максатында көмүрдүн үлгүлөрүн анализге өткөрүү үчүн алынды.

2023-жылдын импорттолгон Д маркасындагы таш көмүрдү 550 миң тоннага чейин пайдаланууну көбөйтүү жана жергиликтүү Б3 маркасындагы күрөң көмүрдү пайдаланууну 650 миң тоннага чейин азайтуу каралган.

2022-жылга салыштырганда импорттолгон Д маркасындагы таш көмүр - 400 миң тонна, жергиликтүү Б3-1050 миң тонна күрөң көмүр колдонулган.

Ошондой эле сентябрь айында жергиликтүү Кара-Кече көмүрүнүн биринчи партиясы келгенде лабораториялык анализден өткөрүү үчүн үлгүлөр алынат.

Пикир

Оставить комментарий