• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган үч кыргызстандыктын абалы айтылды

Коом 0

Бишкек, 16.03.19. /Кабар/. КР Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Бактыгүл Исмаилова бүгүн кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын абалынан кабар алган. Алар Баткен облустук бириккен клиникалык ооруканасында дарыланып жатышат.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Исмаилова жабыркагандар кандай схема менен дарыланып жатканын карап, алардын сакайып кетиши үчүн керектүү жумуштарды жасоо боюнча тапшырмаларды берген.

Маалымат үчүн:

Бүгүнкү күндө жабыркаган кыргызстандыктардын биринин абалы оор, бирок туруктуу. Учурда реанимацияда жатат. Жабыркагандардын экөө дарылануудан өтүп жатышат, абалдары туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий