• 88.68
  • 95
  • 0.95

28-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 28-февралда, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 12…17, Талас облусунда 10…15 градус жылуу болот. Ысык-Көл облусунда 4…9, Нарын облусунда 3…8 градуска жетет.

Ал эми, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын күндүзгү табы 14…19 градус болот.

Борбор калаабыз Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы 15…17 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий