• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Боз үй тигилип, көктөм жарманкеси өтөт. Ошто Нооруз майрамы шаан-шөкөт менен белгиленет

Аймак 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Ош шаарынын борбордук аянтында жаздын жана жаңылануунун майрамы Ноорузга карата майрамдык салтанат өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Иш-чара 21-мартта саат 09:00дө башталат. Анда “Ноорузду даңазалоо” оюн-зоок программасынын алкагында маданият башкармалыгынын, белгилүү ырчылардын, артисттердин катышуусунда театралдашкан концерт тартууланат.

Аянттын оң тарабында 7 кыргыз боз үйү тигилип, “Кыргыз шырдак” көргөзмө-жарманкеси, Айыл чарба техникумунун аянтынан баштап, №2 балдар музыкалык мектебине чейин кол өнөрчүлөрдүн, улуттук тамак-аштардын жана “Көктөм” (гүл жана жаңы көчөттөрдүн) көргөзмө-жарманкеси, улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулат.

Мындан сырткары, "Алымбек Датка" этнографиялык комплексинде Ош шаарынын мэриясынын “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгы жана Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган майрамдык иш-чаралар өтөт.

Пикир

Оставить комментарий