• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштогу эки мектептин короосундагы мыйзамсыз курулуштар алына баштады

Аймак 0


Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Ош шаарындагы эки мектептин короосундагы мыйзамсыз курулуштар алына баштады, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Оштун мэри Бакытбек Жетигеновдун мектеп, бала бакчалардын, социалдык объектилердин жеке жактарга ижара жана менчикке берилип кеткен жерлерин баштапкы абалына кайтаруу тапшырмасына ылайык жумуштар жүрүүдө.

Алсак, бүгүн №21 А.Пушкин атындагы мектептин, №4 С.М.Киров атындагы мектеп-гимназиясынын аймагында ижара келишиминин негизинде иштеп жаткан курулуштар бошотулуп, мектептин карамагына өткөрүлүп берилди.

Ал эми өз билемдик менен уруксатсыз курулган имараттар жеке менчик ээлеринин өз эсебинен буздурула баштады.

Пикир

Оставить комментарий