• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте “Нур Имарат Курулуш” компаниясына 53 миң сом айып салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. “Нур Имарат Курулуш” ишканасы борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузган. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Мэриянын муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартип бузуучуларды аныктап, жарандардын кайрылуулары боюнча токтоосуз чараларды көрүүнү улантууда.

Муниципалдык инспекцияга Биринчи май районунун Симферопольский көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн эки жашоочусунан арыз түшкөн. Алар курулуш компанияларынын бири тарабынан көрктөндүрүү эрежелери бузулганын билдиришкен.

Буга байланыштуу 16-мартта инспекторлор аталган аймакка барышып, Симферопольский/Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги 223, 225 дареги жайгашкан
"Нур Имарат Курулуш" компаниясы тарабынан эреже бузуу болгонун аныкташты.

Инспектор эки эреже бузууну аныктаган: Чектеш аймакта тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин сактабоо жана курулуш аянтынан жолдун булганышын алдын алуу чараларын көрбөө.

Жыйынтыгында "Нур Имарат Курулуш" курулуш компаниясына карата эки протокол түзүлүп, аймакты көрктөндүрүү эрежелерин бузуу жана жол курулмаларына зыян келтирүү үчүн жалпы суммасы 53 миң сом айып салынган.

Түшүндүрүү иштеринен кийин курулуш компаниясынын жумушчулары тегерегиндеги таштандыларды жана топуракты тазалашты.

Пикир

Оставить комментарий