• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунун жашоочусунан мыйзамсыз сакталган курал-жарак жана ок-дарылар алынды

Укук тартиби 0


Бишкек, 29.11.23./Кабар/. Чүй облусунун тургунунан мыйзамсыз сакталган курал-жарак жана ок-дарылар алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.Д. аттуу жарандын деструктивдүү аракеттерине бөгөт коюлду.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгүндө (“Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргызстандын А.Д. аттуу жаранынын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын жыйынтыгында Симонов системасындагы ок-дарылары (7,62 мм.) менен карабин, Калашников автоматын (5,45 мм) патрондору жана 9 мм калибрдеги тапанчанын патрондору табылып, алынды. Ошондой эле атайын жабдыктар (рация, сигналдык тапанча), атайын жабдуулардын комплекттери (аскердик жүк түшүрүүчү жилет, бет кап, коргоочу каскалар), РГД-5 үлгүсүндөгү жасалма граната жана колго жасалган жардыргыч түзүлүштүн тетиктери табылган.

Табылган жана алынган материалдар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий