• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарында жергиликтүү кеңештин депутаты опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.09.18. /Кабар/. Нарында жергиликтүү кеңештин депутаты опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрында УКМКнын кылмыштуулукка каршы күрөшү кызматы тарабынан ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ат-Башы районуна карашту айылдарынын биринин айылдык кеңешинин төрагасы, 1968-ж.т. Б.А.15 000 (он беш миң) сом пара алып жаткан кезинде кармалды.

"Кармалган адам аймактык энерго компаниянын кызматкерин өзүнүн абоненттеринен акча каражатын опузалап талап кылгандыгы фактылары бар деп, жогору турган бийлике даттанаарын айтып 20 000 сом пара талап кылгандыгы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча учурда кылмыш иши козголду.

Кармалган адам Нарын шаарынын Тергөө камак жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий