• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда мурда бир нече жолу соттолгон жаран тоноочулукка шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Жалал-Абадда мурда бир нече жолу соттолгон жаран тоноочулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-ноябрда Сузак районунун 42 жаштагы тургуну Н.А. арыз менен кайрылып, 17-ноябрь күнү 15 жаштагы баласы Н.Н.нын "REDMI S11" үлгүсүндөгү кол телефонун Жалал-Абад шаарынын Эркиндик көчөсүндө өзүнө бейтааныш болгон 18-20 жаштардагы бала коркутуп алып качып кеткен. Натыйжада жабырлануучу 20 миң сомдук зыян тарткан.

Бул окуя Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин "Тоноо" беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун 18 жаштагы тургуну С.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эскертеме шектүү С.Р. бир нече жолу оор кылмыштар менен соттолгон, бүгүнкү күндө жаштар арасында "Саид" деген ат менен таанымал уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен жакын байланышта иш алып барып жүргөн.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат

Пикир

Оставить комментарий