• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто кыш мезгилинде жылуулук берүүгө даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны өттү

Аймак 0

Бишкек, 18.07.22. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында вице-мэр Сонунбек Жунусбаев жетектеген кышкы жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү ишканалардын жетекчилери: Ош шаардык ЖЭБ, Ош жылуулук, Электр тармактар ишканалары, Муниципалдык турак жай башкармалыгы өз ишканаларын 2022-2023-жылдардын жылуулук мезгилине даярдоо боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат беришти.

Штабдын жыйынтыгы менен жылытуу мезгилине даярдык көрүүгө тартылган ишканаларга ушул жылдын 1-октябрына чейин график боюнча бардык даярдык иштерин бүтүрүү тапшырмасы берилди. Абоненттердин дебитордук карызын кыскартуу маселесине өзгөчө көңүл бурулууда.

Ошондой эле, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерине октябрь айынын башына чейин мекемелеринин ички жылуулук тармактарын даярдоо, 1-августка чейин көмүр сатып алуу боюнча тиешелүү тендерлерди өткөрүү тапшырылды.

Мындан сырткары, Ош шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыктарына кышка карата көмүр отуну менен камсыз болуу, турак жайларды жана подъезддерди жылуулоо боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, быйыл шаарда көмүр сатуучу 15 пункт ачуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий