• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткен шаарында талапка жооп бербеген беш стоматологиялык борбор жабылды

Аймак 0

Бишкек, 22.06.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. Баткен шаарында талапка жооп бербеген беш стоматологиялык борбор жабылды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткендеги тиш дарылоочу жайлардагы лицензиялык талаптардын аткарылышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында 2023-жылдын январь айынан баштап 5 ай ичинде Баткен шаарындагы талапка жооп бербеген 5 жеке стоматологиялык борбор жабылды.

Пикир

Оставить комментарий