• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таласта бир катар мыйзамсыз курулуштар аныкталып, айып салынды

Коом 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги аймактарда курулуп жаткан объектилердин мыйзамдуулугун тактоо иштерин улантууда.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул ирет Талас аймактык мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгы Бакай-Ата районунун Үрмарал өзөнүндө "Урмарал-Энерго" ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан "Чакан ГЭСтин" курулушу текшерилди.

Текшерүүдө архитектуралык кагаздарды толук албастан, курулуш иштерин баштагандыгына байланыштуу жеринде КР мыйзамдарынын талаптарын сактабаганына байланыштуу укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, аталган ЖЧКга 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Мындан тышкары, компанияга курулушту токтотуу боюнча эскертме берилди.

Ошондой эле Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылынын Айтматов көчөсүнүн №30 дарегинде жайгашкан соода борборунун курулушуна КР "Шаар курулуш жана архитектура жөнүндө" мыйзамынын талаптарыны ылайык жеринде текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында КР мыйзамдарынын талаптарын сактабаганына байланыштуу укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, аталган курулуштун ээсине айып салынып, эскертме берилди.

Пикир

Оставить комментарий