• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ашууларда тыгын жок, кар тазалоо иштери убагында жүргүзүлүүдө – Транспорт министрлиги

Коом 0

Бишкек, 12.11.18. /Кабар/. Аба ырайынын кескин өзгөргөндүгүнө карабастан өлкө аймагындагы ашуулардагы абал туруктуу бойдон калууда. Кар тазалоо

иштери убагында жүргүзүлүүдө, - деп кабарлайт Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, учурда Төө-Ашуу өтмөгүнүн 132ден 209-чарчы километрине чейинки жол тилкесинде жол тазалоо жана кум себүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кар жаап жатат, бирок жол жеңил жана жүк ташуучу унаалар үчүн ачык. Ал эми артында прицеби бар жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилген.

Ошондой эле Өтмөк, Ала-Бел жана Көк-Бел ашууларында да жол тазалоо жана кум себүү иштери жүрүүдө.

Министрдин буйругу менен аталган ашууларда Өзгөчө кырдаал министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги жана милиция кызматкерлеринин катышуусу менен бирдиктүү күнү-түнү кароол жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Өтмөк, Ала-Бел жана Көк-Бел ашууларында унаалардын аман-эсен өтүүсү үчүн 2018-жылдын 1-октябрынан баштап Сосновка, Чычкан жана Кара-Көл өтмөктөрүндө унаалардын кышкы дөңгөлөгү, кышкы күйүүчү май жана дөңгөлөктүн чынжыллары текшерилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий