• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМдин Коомдук кеңешинин жолугушуусу Ысык-Ата районунда өттү

Коом 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүндө ИИМдин Коомдук кеңешинин жыйыны болуп өттү.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, анда ИИОнун ишмердүүлүгү боюнча талкуулар жүрдү. Аталган иш-чарага ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов жана мүчөлөрү, Чүй ОИИББнын башчысынын орун басары Абдуразаков Руфат Абдурашитович жана Ысык-Ата РИИБдүн жетекчилиги катышты.

Кеңешмени коомдук кеңештин төрагасы Ялкун Даутов ачып, жыйындын регламенти менен тааныштырып, жолугушууда төмөнкү маселелердин тегерегинде талкуулар жүрдү.

-Кылмыш иликтөө багытында, уюшкан кылмыштуулук жана мал уурулугуна каршы күрөшүү жана профилактикалык жумуштар.

-Тергөө кызматы тарабынан аткарылган иштер.

-Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана жаш өспүрүмдөр арасындагы жүргүзүлгөн алдын алуу жумуштары.

Ысык-Ата РИИБдүн тиешелүү жетекчилери баяндама жасашып, ар бир кызматтын жетекчилери өткөн 2021-жыл ичинде аткарган жумуштары тууралуу айтышып, жетишкен ийгиликтерге жана айрым кемчиликтерге токтолушту. Мындан тышкары, бир катар өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин Кодекстер боюнча иш алып баруу багытында кандай аракеттер кылынып жаткандыгы жана Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлердин социалдык жактан камсыздоо маселелери жана жол кырсыктарын алдын алуу боюнча суроолор талкууланды.

Кеңешменин катышуучулары тарабынан мындан ары дагы ИИОнун ишмердүүлүгүн алдыга жылдыруу тууралуу сунуштамар айтылды.

Жыйындын кийинки бөлүгү суроо жооптор менен өтүп, ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү коомчулук тарабынан көтөрүлгөн маселелерди ортого салышып, аларды чечүүнүн жолдорун талкуулашты. Ар бир берилген сунуштар ИИОнун кызматкерлеринин аткарган жумуштарынын сапатын жакшыртып, эл арасында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркын көтөрүүгө багытталды.

Жолугушуунун соңунда ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов мындай жолугушуулар өз жемишин берип, ИИОнун ишмердүүлүгүн жакшыртууга өбөлгө болоорун белгилеп, катышуучуларга ыраазычылыгын билдирип, алдыда дагы да жолугушуулар өткөрүлүп тураарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий