• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айсулуу Тыныбекова Түркиядагы күрөш мелдешинде алгачкы атаандашына жеңилип калды

Спорт 0

Бишкек, 25.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Айсулуу Тыныбекова Түркияда өтүп жаткан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan эл аралык рейтингдик мелдешинде алгачкы атаандашына утулуп калды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Спорттук иш-чара 24-27-февралда Стамбул шаарында өтүүдө.

Тыныбекова 62 кг салмакта турнирдин 1/8 финалынан баштап катышып, алгачкы атаандашы бразилиялык Лаис Нунеске 8:0 эсебинде жеңилүү ызасын тартты. Эгер бразилиялык спортчу финалга чыкса, анда Тыныбекова коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Эскерте кетсек, аталган эл аралык мелдешке Кыргызстандын атынан 17 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий