• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 03.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) рейтингинин сап башына чыкты.

Шаршенбеков 60 кг салмакта грек-рим күрөшү боюнча рейтингде 55 миң упай менен экинчи орундан биринчиге көтөрүлдү. Ал эми Акжол Махмудов 77 кг салмакта 55 миң упай менен үчүнчү саптан экинчиге чыкты, 77 кг салмакта биринчи орунда түркиялык Юнус Башар турат.

Мындан сырткары, Тынар Шаршенбеков 63 кг салмакта 7-орунга, Амантур Исмаилов 5-орунга көтөрүлдү.

Ошондой эле эркин күрөш боюнча Арсалан Будажапов 79 кг салмакта экинчи орунга көтөрүлсө, Эрназар Акматалиев 70 кг салмакта 2-орунга, Улукбек Жолдошбеков 61 кг салмакта 8-орунга түшүп калды.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-18-сентябрында Белград шаарында (Сербия) күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өткөн. Анда Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болуп, Кыргызстандын тарыхында дүйнө чемпионатында алгачкы алтын медаль уткан спортчулар аталды.

Аталган ири мелдештин жыйынтыгы менен рейтинг кайрадан түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий