• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Дордой" футбол клубунун АФК Кубогунун тайпалык баскычындагы оюндары

Спорт 0

Бишкек, 17.04.19. /Кабар/. Бүгүн "Дордой" футбол клубу АФК Кубогунун тайпалык баскычындагы экинчи беттешин өткөрүп, тажикстандык "Хужанд" менен ойнойт.

Беттеш бүгүн Тажикстандын Хужанд шаарындагы Көз карандысыздыктын 20-жылы стадионунда болуп өтөт. Ал Бшкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.

Белгилей кетсек, буга чейин 3-апрелде "Дордой" клубу "Алтын Асыр" менен Бишкекте оюн ойноп, 1:1 эсебинде тең чыккан.

"Дордой" футбол клубунун АФК Кубогунун тайпалык баскычындагы оюндары:

1-тур

2019-жыл 3-апрель (шаршемби):

"Дордой" (Кыргызстан) – "Алтын Асыр" (Түркмөнстан)

2-тур

2019-жыл 17-апрель (шаршемби):

"Хужанд" (Тажикстан) – "Дордой" (Кыргызстан)

3-тур

2019-жыл 1-май (шаршемби):

"Истиклол" (Тажикстан) – "Дордой" (Кыргызстан)

4-тур

2019-жыл 15-май (шаршемби):

"Дордой" (Кыргызстан) – "Истиклол" (Тажикстан)

5-тур

2019-жыл 19-июнь (шаршемби):

"Алтын Асыр" (Түркмөнстан) – "Дордой" (Кыргызстан)

6-тур

2019-жыл 26-июнь (шаршемби):

"Дордой" (Кыргызстан) – "Хужанд" (Тажикстан)

Пикир

Оставить комментарий