• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү мелдешинде Таластын командасы 1-орунга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 10-май /Кабар/. Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата С. Чокморовдун жана У.Кудайбергеновдун жаркын элесине арналган ат оюндары өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка ылайык,көк бөрү оюнунун финалына Таластын "Ынтымак" жана Сокулуктун "Биримдик Аюу" командалары чыгышты. Оюндун эсеби 1:0 болуп, "Ынтымак" командасы 1-орунга ээ болуп, жарым миллион сомдук байгени утуп алышты. 2-орунга 250 миң сом, 3-орунга 150 миң сом акчалай сыйлык берилди.

Оюндардын жыйынтыгы боюнча “Мыкты улакчы” деп, оюндун эсебин ачкан “Ынтымак” командасынан Карпбек Эшиев табылды. “Мыкты ат” наамына болсо “Биримдик Аюу” командасынын Кубанычбек Султан уулунун аты татыды.

Эрендердин эр оюну көк бөрү, ата-бабалардан калган адамды жоокерчиликке дайыма эл-жерин коргоого даярдаган бабалардын бизге калтырган мурасы.

Бул оюн улуттук оюндардын ичинен эң көп куйөөрмандардытоптогон бүйүр кызыткан, ар бир кыргыздын канында ойногон, адамды эрдикке шыктандырган улуттун улуу оюну.

Пикир

Оставить комментарий