• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2018-жылдын жазында Ташкенттен Ысык-Көлгө чейин мезгилдик т/ж каттамы ачылат

Коом 0

Бишкек, 14.12.17. /Кабар/. 2018-жылдын жазында Ташкенттен Ысык-Көлгө чейин андан кийин Ысык-Көлгө чейин темир жол каттамы ачылат. Бул тууралуу журналисттерге президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга болгон расмий иш сапары тууралуу Бишкекте комментарий берип жатып унаа жана жол министри Жамшитбек Калилов билдирди.

Анын айтымына караганда, Өзбекстанга болгон сапар жемиштүү болду, унаа боюнча бардык багытта макулдашуулар болду.

“23-декабрдан тарта “Айр Манас” авиа компаниясы Бишкек-Ташкент багыты боюнча ар дайымкы авиа рейстерди жүргүзө баштайт. Рейстер жумасына эки жолу болуп турат. Ошондой эле 2018-жылы Ош-Ташкент авиа каттамы ачылат”,-деп кошумчалады Калилов.

“2018-жылдын жаз айында Ташкент-Бишкек-Балыкчы боюнча мезгилдик темир жол каттамы ачылат”,-деди ал.

Ал билдиргендей, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда Жалал-Абад-Ташкент-Бишкек каттамы боюнча темир жол болгон. “Анализ жүргүзүп көрүү керек, серепчилер бул маселенин үстүндө иштеп жатышат. Эгерде алар бул каттамы пайдалуу болот дешсе, анда, ал каттамды да калыбына келтиребиз”.

Министрдин айтымына караганда, мурда автобустук каттам да болгон. Ал 1999-жылы өзбек тараптан бир жактуу таризде токтотулган.

“44 рейс болгон, негизинен Кыргызстандын түштүк облустарында: Ош-Кокон, Ош-Андижан, Ош-Фергана. Ошондой эле, Жалал-Абад, Кызыл-Кыяга да каттамдар болгон. Дагы бир каттам Баткенден Ташкент аркылуу Бишкекке барган”,-деп билдирди министр.

Анын айтымына караганда, бул автобустардын каттамын калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр кыргыз делегаттарынын Ташкентке болгон сапарында талкууланат. Сапар 25-декабрда күтүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий