• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек шаарынын 2022-жылга карата бюджети 11 млрд сомдон ашат

Коом 0

Бишкек, 10.02.22./Кабар/. Бишкек шаарынын 2022-жылга карата киреше жана чыгаша бюджети 11 млрд 690 млн 16,7 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин “Бишкек шаарынын 2022-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2023-2024-жылдарга божомолдоо жөнүндө” токтомунда айтылат.

Документте аталган каражаттын ичинен төмөнкүлөр белгиленген:

- Шаардык бюджет – 6 млрд 328 млн 802,4 миң сом;

- Ленин районунун бюджети – 1 млрд 409 млн 881,3 миң сом;

- Октябрь райондук бюджети – 1 млрд 343 млн 447,7 миң сом;

- Биринчи май райондук бюджети – 1 млрд 263 миң 854,2 миң сом;

- Свердлов райондук бюджети – 1 млрд 344 млн 31,1 миң сом.

Пикир

Оставить комментарий