• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкек ШТБ “Шыдыр Жол Кей Жи” ЖЧК менен түшүнбөстүктөр тууралуу айтып берди

Коом 0


Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын (ШТБ) башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Эмил Ункуев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Шыдыр Жол Кей Жи” ЖЧК менен түшүнбөстүктөр тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, азыркы учурда аталган кырдаалды чыр-чатак деп айтууга болбойт.

“Түшүнбөстүктөр гана бар, аны жалпысынан коомчулукту тартуусуз эле чечип койсо болот. Бирок, Бишкек мэриясы тарапка күнөө жабууга байланыштуу бир катар маселелерди ачыктап коюну туура көрдүк”, - деди ал.

Ошентип, Ункуевдин маалыматы боюнча, 2021-жылы 2-мартта “Шыдыр Жол Кей Жи” компаниясынын директору Бишкек мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун жеке кабыл алуусунда болуп, анын жүрүшүндө шаардык коомдук транспортту камсыздоо боюнча маселе көтөрүлгөн.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча коомдук транспорт жаатындагы вице-мэр Руслан Акылбековго маселени көрсөтүлгөн тартипте иштеп чыгуу тапшырылган.

Вице-мэр 600 дөн 1 миңге чейин газ менен иштеген жана электр автобустарын алып келүү боюнча мындан аркы кызматташтыкка байланыштуу “Шыдыр Жол Кей ЖИ” ЖЧКнын жетекчиси менен бир нече ирет жолугушуусу болгон.

“Шаардык транспорт башкармалыгы “Шыдыр Жол Кей Жи” ЖЧКнын жетекчилигин бир нече жолу сүйлөшүүгө чакырганын белгилей кетүү керек, бирок өтүнүчтөр дайыма жоопсуз калып келген”,-деди ал.

Такталгандай, 2016-жылы 16-декабрда кол коюлган меморандумдун алкагында “Шыдыр Жол Кей Жи” ЖЧК Бишкекке биринчи партияда 2017-жылдын 30-январына чейин 40тан кем эмес автобус алып келүүгө милдеттендирилген.

2017-жылы 23-июндагы ушул эле меморандумга кошумча келишимге ылайык, компания биринчи партиянын алкагында 100дөн кем эмес автобусту 2017-жылы 30-декабрына чейин алып келиши керек эле. Бирок, бул пункттар аткарылган жок.

Мындан тышкары, аталган меморандумга жана ага толуктоонун алкагында, 2019-жылы 10-октябрда Бишкек шаардык №25 муниципалдык каттамын “Шыдыр Жол Кей Жи” ЖЧК менен убактылуу пайдалануу укугу жөнүндө келишимге кол коюлган.

Келишимдин шарттары боюнча компания 2017-жылы 30-августка чейин шаардык жүргүнчү автобустарын ташып келүүгө милдеттенме алган, “Шыдыр Жол Кей ЖИ” ЖЧК мэрияга 2022-жылга чейин өзүнүн автобус паркын өнүктүрүү боюнча сунушталган иш-чаралар планын берүү милдетин алган.

Белгилүү болгондой, кол коюлган меморандумдардын алкагында төмөнкү пункттар аткарылган эмес:

  • №35 автобус каттамы. 2017-жылы 3-октябрда №35 муниципалдык каттамын 2022-жылы 3-октябрга чейин убактылуу колдонуу укугу тууралуу келишимге кол коюлган. Планга ылайык, аталган каттамда автобустардын саны 14 унаа болушу керек эле. Азыркы учурда линияда 10-11 автобус гана чыгат;
  • №5 автобустук каттам. 2018-жылы 6-декабрда №5 муниципалдык каттамды убактылуу пайдалануу жөнүндө келишимге кол коюлган, ал ачык тендерге чейин жарактуу деп табылган. Бирок, “Шыдыр Жол Кей Жи” ЖЧКнын катына ылайык, 2020-жылы 8-сентябрда №5 автобус каттамы жабылган;
  • №25 автобус каттамы. 2019-жылы 10-октябрда №25 муниципалдык каттамын убактылуу пайдалануу тууралуу келишимге кол коюлган. Компаниянын шарты боюнча шаардык жургүнчү автобустарын алып келүүгө милдеттендирилген, шаарлар аралык автобустар алынып келинген, бирок алар шаардык жүргүнчү ташуу стандартына ылайык келбейт. Келишим милдеттерин аткарбагандыктан №25 каттам иштебей турат.

Муну менен катар Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысынын орун басары Эрбол Пазылов азыркы учурда аянты 1 гектарга жакын жерди камтыган автоунаа токтоочу жайдын аймагын пайдалангандыгы үчүн компаниянын УМИге 1 млн 53 миң сом карызы бар экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий