• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Баткен облусунун прокурорунун өлүмүнө шектүүнү көрүп келишти

Коом 0

Бишкек, 26.11.18 /Кабар/. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Ош шаарындагы 5-тергөө абагына барып, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелип жаткан Мелис Калыков менен жолугушту.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери ЖМКларда М. Калыков милиция тарабынан кыйноого алынды деген маалыматтардан кийин көрүп келишкен.

Ал жолугушууда шектүүнүн жактоочулары Э. Карабаев жана И. Эшматовдор болуп, М. Калыков милиция кызматкерлеринин мурунку аракеттери адвокаттарынын катышуусусуз болгонун айткан. Андан тышкары аны кыйноого алган милиция жана прокуратура кызматкерлерине чара колдонууну суранган.

Акыйкатчы институту билдиргендей, М. Калыков кыйноолорду аныктаганга соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.

Белгилей кетсек, 23-ноябрда кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов, алар тергөө абагына барганда Калыков милиция жана прокуратура кызматкерлери тарабынан ур-токмок жегенин айтып, арыз жазганын билдирген.

Прокурордун сөөгү 18-ноябрда Баткенде табылган.

Пикир

Оставить комментарий